ЮНИСЕФ Кыргызстанга 100 миң долларлык дары-дармек берди

Автор -

Саламаттыкты сактоо министрлигине коронавирус инфекциясы менен ооруган бейтаптарды дарылоо үчүн 100 миң долларлык дары-дармектер берилди. Бул тууралуу Республикалык штаб кабарлады.

Дары каражаттарын Европа Биримдигинин финансылык колдоосу алдында ЮНИСЕФ сатып алган. Анын арасында 1 миң таңгак ко-амоксиклав, 500 таңгак цефтриаксон жана 1 миң таңгак гепарин бар.

Дары каражаттарын тапшыруу аземине Саламаттык сактоо министрлигине караштуу Дары каражаттары жана медициналык буюмдар департаментинин директору Тимурлан Кысанов, Европа биримдигинин Кыргызстандагы кызматташуу бөлүмүнүн башчысы Шарлотт Адриэн жана ЮНИСЕФтин Кыргызстандагы өкүлүнүн орун басары Юлия Олейник катышты.

Дарылар COVID-19га каршы күрөшүү, негизги дары каражаттарынын тартыштыгын болтурбоо максатында Тышкы иштер министрлигинин өтүнмөсүнө жооп катары алынды.

Эгер ката тапсаңыз, сураныч, катаны белгилеп туруп, Ctrl+Enter баскычын басыңыз!

Бөлүшүү