Учурда 7 миңдей адам коронавирустан дарыланып жатат

Автор -

Бир сутка ичинде COVID-19 илдетинен 427 адам сакайып чыкты. Бул тууралуу Саламаттык сактоо министрлигинен билдиришти.

— Бишкек – 91
— Ош шаары – 2
— Чүй облусу – 81
— Ош облусу – 55
— Талас облусу – 11
— Нарын облусу – 3
— Ысык-Көл облусу – 33
— Жалал-Абад облусу – 85
— Баткен облусу – 66.

Стационарда дагы 3137 бейтап дарыланууда, алардын ичинен:
— 56 адам (1,7%) — канааттандыраарлык абалда;
— 2090 (66,6%) — орто оордукта;
— 865 (27,5%) — оор абалда;
— 126 (4%) — өтө оор абалда.

Ал эми 3826 бейтап үй шартында дарыланууда. 

Кыргызстанда бул илдетке чалдыккандардын жалпы саны 68 миң 702 адамга жетти. Анын ичинен 59 789 адам айыгып чыкты. 1223 киши каза тапты.

Эгер ката тапсаңыз, сураныч, катаны белгилеп туруп, Ctrl+Enter баскычын басыңыз!

Бөлүшүү