Чүйдө бакта асылган абалда табылган жарандын өздүгү такталды

Автор -
358

«Тёплые ключи» санаториясында колу-буту байланып, оозу скотчтолуп бакта асылып турган абалда табылган жарандын аты-жөнү такталды. Мындай маалыматты Чүй ОИИББинин басма сөз кызматынан бүгүн, 23-ноябрда кабарлашты.

«Маркум Нарын облусунун 19 жаштагы О.Э. аттуу тургуну болуп чыкты. Анын өлүмү боюнча кылмыш ишин иликтөөнү өлкөнүн Ички иштер министрлиги жана Чүй ОИИББи өз көзөмөлүнө алды. Учурда тиешелүү тергөө амалдары улантылып жатат», дешти мекемеден.

Абайлаңыз, сүрөт!

[свернуть]

Окуянын чоо-жайы:

21-ноябрда болжол менен саат 13:13тө Аламүдүн РИИБинин нөөмөт бөлүмүнө «Тёплые ключи» санаториясында бакта асылып турган адам тууралуу кабар беришкен. Ыкчам тергөө тобу жерине барып, колу-буту аркан менен байланып, оозу скотчтолгон абалда бакта асылып турган жаранды аныкташкан.

Бул факт 130-берене (адам өлтүрүү) менен Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталып, сотко чейинки өндүрүшкө алынган. Тиешелүү экспертизалар дайындалды.