Чет өлкөгө барып билим алууга каражаты жок мыкты окуган жаштарга демөөрчүлөрдү таап берүү максатында GEF (Global Education Foundation) аталган коммерциялык эмес уюм түзүлдү. Бул тууралуу уюмду түптөгөн Хабиб Арзыкулов билдирди, деп жазат «Азаттык».
«2021-окуу жылынан баштап, бир канча окуучуну демөөрчүлөрүбүздүн колдоосу менен Американын жана Европанын окуу жайларына жиберели деп пландап жатабыз. Алдыдагы күндөрдө шарттарыбыз жана програмаларыбыз жөнүндө кененирээк маалымат беребиз», — деди Арзыкулов.
Уюмдун дагы бир негиздөөчүсү Алмаз Арапов чет өлкөлүк компанияларда иштейт жана Кыргызстанда билим берүү жаатында долбоорлорду ишке ашырып келет. Ал эми Хабиб Арзыкулов буга чейин «Элим барсыңбы» кайрымдуулук фондусун жетектеп, өспүрүмдөрдүн билим алуусу боюнча бир нече долбоорду ишке ашырган.