Өгөй атасы сабаган Рамазандын апасы тосмо арыз жазат

Автор -
321

Өгөй атасы тарабынан сабалган баланын апасы күйөөсүн кечирип, тосмо арыз жазуу чечимин кабыл алды. Бул туурасында аялдын мыйзамдуу өкүлү соцтармактарда билдирди.

Анын айтымында, баланын апасы алгач коомчулукка окуя тууралуу айтып, жардам суроого макулдугун берген. Кийин кайра мыйзамдуу өкүлүнөн макалаларды өчүртүүнү суранган.

«Тилекке каршы, бул анын акыркы чечими», — деп билдирди ал.

Эскерте кетсек, кечээ соцтармактарда Чүйдүн конуштарынын биринде 6 жаштагы Рамазан аттуу баланы өгөй атасы сабап, бала 3-балдар ооруканасына жаткырылганы тууралуу маалымат тараган. Аялдын бул күйөөсүнөн 9 айлык боюнда бар экени белгилүү болгон. Баланын апасы өзү Сокулук райондук милициясына арыз жазып, 2-күйөөсүнүн үстүнөн арызданган болчу.