УКМК: «Арча-Бешикте» жок адамга жер тилке берүү боюнча иш козголду

Автор -

Бишкек шаарындагы «Арча-Бешик» конушунда 0,07 гектар жер тилкеси жок адамдын наамына жасалма түрдө мыйзамсыз катталганы белгилүү болду. Бул тууралуу Башкы прокуратурадан билдиришти.

Маалыматка караганда, «Бишкек башкы архитектура» жана Бишкек шаарынын мэриясынын Жер пайдалануу жана курулуш башкармалыгынын өкүлдөрү кызмат абалынан кыянаттык менен пайдаланышкан.

«Арча-Бешик» жаңы конушунда жайгашкан 0,07 гектар жер тилкесин жок адамдын наамына жасалма түрдө мыйзамсыз катташкан. Ал эми «Кадастр» мамлекеттик мекемесинин Бишкектеги филиалы жер участогуна жеке менчик укугу жөнүндө мамлекеттик акты берген. Натыйжада мамлекеттик бюджетке 6 миллион 99 миң сомдук зыян келтирилген», — деп айтылат маалыматта.

Аталган факты Ленин райондук прокуратурасы тарабынан Жазык кодексинин 235 (жеке нотариустардын, аудиторлордун, эксперттердин же баалоочулардын ыйгарым укуктарын кыянаттык менен колдонуусу), 320 (кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануу), 329 (кызматтык жасалмачылык) жана 359-беренелери (документтерди жасалмалоо) боюнча Кылмыш жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталып, тергөө амалдарын уюштуруу үчүн УКМКнын тергөө кызматына тапшырылган.

Ленин райондук прокуратурасы жер тилкесин берүү жөнүндөгү мыйзамсыз токтом жана мамлекеттик актыларды жокко чыгаруу боюнча сотко доо арыз келтирип, соттук кароонун жыйынтыгы менен доо арыз толугу менен канааттандырылып, мыйзамдуу күчүнө кирген.

2020-жылдын 5-ноябрында райондук прокуратура кайтарылган жер тилкени муниципалдык менчикке кабыл алуу үчүн Бишкек шаарынын мэриясына сунуш кылды.

Эгер ката тапсаңыз, сураныч, катаны белгилеп туруп, Ctrl+Enter баскычын басыңыз!

Бөлүшүү