Борбордо абанын тазалыгын текшерүүчү жабдуулар орнотулат

Автор -
@Sputnik

Бишкек мэриясы абанын тазалыгын текшерген жабдууларды орнотот. Бул тууралуу мекеменин расмий сайты жазды.

Мэрия Экологиялык маселелерди чечүү институту менен бирге «Таза аба» долбоорун ишке киргизүүдө.

Алдын ала маалыматтар боюнча, 24-ноябрга карата борбор калаада абанын булганышы боюнча көрсөткүчтөр былтыркыга караганда 35-50%га ашкан.

Абанын тазалыгын текшерүү максатында шаарда 39 жабдык орнотулат. Андагы маалыматтар баарына жеткиликтүү болору айтылды.

Эгер ката тапсаңыз, сураныч, катаны белгилеп туруп, Ctrl+Enter баскычын басыңыз!

Бөлүшүү