Чүйдө батирлердин биринен 67 жаштагы аялдын сөөгү табылды

Автор -

Чүй облусунун Жайыл районунда батирлердин биринен 67 жаштагы аялдын жансыз денеси табылды. Маалыматты ӨКМнын басма сөз кызматынан кабарлашты.

23-ноябрь күнү саат 16:45те Кара-Балта шаарынын Оторбаев көчөсүндө жайгашкан батирдин эшиги жабылып калганы тууралуу билдирүү түшкөн. Куткаруучулар батирдин эшигин ачышканда, андан 1953-жылы туулган аял кишинин жансыз денеси табылган. Маркумдун жансыз денесин милиция кызматкерлерине өткөрүлүп берилгенин мекемеден кабарлашты.

Эгер ката тапсаңыз, сураныч, катаны белгилеп туруп, Ctrl+Enter баскычын басыңыз!

Бөлүшүү