Кочкордо жол кырсыгынан жаш кыз каза таап, 3 киши жаракат алды

Автор -

Нарын облусунун Кочкор районунда жол кырсыгы катталып, 19 жаштагы кыз каза болду. Мындан тышкары 3 жаран жаракат алганын ӨКМнын басма сөз кызматынан кабарлашты.

Адам өмүрүн алган автокырсык 23-ноябрь күнү саат 22:10до Бишкек-Нарын-Торугарт унаа жолунун 243-чакырымында (Төлөк айылы) катталды.

«Анда «Дэу Нексия» унаанын айдоочусу трассадан жылкыны сүзүп жолдон чыгып кеткен. Кырсыктын кесепетинен 1 аял киши (2001-жылы туулган) каза болуп, 3 эркек адам жабыркады (1993-жылы туулган, 1997-жылы туулган, 1999-жылы туулган). Жерине куткаруучулар тартылып, каза болгон жаранды унаадан чыгарып, Тез жардам кызматына өткөрүп беришти», — дешти маалымат кызматынан.

Эгер ката тапсаңыз, сураныч, катаны белгилеп туруп, Ctrl+Enter баскычын басыңыз!

Бөлүшүү