Сот Текебаевдин мандатын эмнеге жокко чыгарганын түшүндүрдү

Автор -
242

Бишкек шаардык административдик сот «Ата Мекен» партиясынын лидери, Жогорку Кеңештин депутаты Өмүрбек Текебаевге мандатты кайтаруу тууралуу чечим эмнеге жараксыз деп табылганын түшүндүрдү.

Мекеме 24-ноябрда тараткан маалыматка караганда, мыйзамда депутат мөөнөтүнөн мурда мандатын тапшырса, ал мандат тизмедеги кийинки талапкерге берилери жазылган жана Текебаевге мандат берүүдө ушул норма бузулган.

Административдик соттун пикиринде, Боршайком Текебаевге депутаттык укукту кайтарып берүүдө «мандат тизмедеги кийинки талапкерге берилет» деген норманы бузган, себеби ага тийген мандат тизмедеги өзүнө чейинки талапкердики эмес болчу.

23-ноябрда Административдик сот Боршайкомдун Текебаевдин депутаттык макамын кайтаруу тууралуу быйылкы 15-октябрдагы токтомун жараксыз деп тапкан.

Активист Темирлан Ормуков сот анын Текебаевдин депутаттык мандатын жокко чыгаруу боюнча арызын канааттандырганын «Фейсбуктагы» баракчасына жазган.

Текебаев сотко өзү катышпаганын айтып, мандатты алуу тууралуу сот чечимин саясий чечим деп баалаган.

Жогорку Кеңештин «Ата Мекен» фракциясынын мүчөсү Садык Шер-Нияз 12-октябрда депутаттык мандатынан өз эрки менен баш тартып, аны партия лидерине берүүнү БШКнын төрайымынан өтүнүп, арыз жазган.

Текебаев жана мурдагы министр Дүйшөнкул Чотонов «Мегаком» иши боюнча «орусиялык жарандар Леонид Маевский менен Алексей Модинден пара алган» деген көрсөтмөнүн негизинде 2017-жылы ар бири сегиз жылдан түрмөгө кесилген. Сот жараянын эки саясатчы ошол кездеги президент Алмазбек Атамбаевдин куугунтугу катары баалап жүрөт.

Жогорку сот 2019-жылы ишти жаңы ачылган жагдайларга байланыштуу карап, мурдагы чечимдердин баарын жокко чыгарган жана Текебаев менен Чотоновду үй камагына чыгарган. Иш ушул тапта кайра каралып жатат.

Бөлүшүү