Ысык-Көлдө бирөөнүн унаасын сатып жиберген жаран кармалды

Автор -

Ысык-Көл облусунда бирөөнүн унаасын сатып жиберип, акчасын алып качып кеткен жаран кармалды. Бул тууралуу облустук милициядан билдиришти.

Маалыматка караганда, Каракол ШИИБне Жети-Өгүз районунун Тилекмат айылынын тургуну арыз менен кайрылган. Өзүнүн арызында, сентябрь айынын аяк жагында  «Мерседес-Бенц спринтер» үлгүсүндөгү автоунаасын Каракол шаарынан Азамат аттуу адам сырдап берем деп алып, аны кийинчерээк башка адамга 200 миӊ сомго сатып жибергендигин жана соодадан түшкөн акча каражаттары менен качып кеткендигин билдирген.

Аталган факты Каракол ШИИБдин КЖБРне катталып, Кыргыз Республикасынын Жазык кодексинин 204 (Алдамчылык) беренеси менен сотко чейинки өндүрүш иши башталган.

Жакында Каракол шаарынын милиция кызматкерлери тарабынан жүргүзүлгөн тергөө-иликтөө иштеринин натыйжасында, аталган кылмышка шектүү адамдын өздүгү аныкталып, колго түшүрүлдү. Ал Каракол шаарынын 35 жаштагы тургуну Ч.А. болуп чыгып, алгачкы тергөө сурагында күнөөсүн толугу менен мойнуна алды. Далил зат катары сатылып кеткен автоунаа алынды.

Учурда ага карата соттун чечими менен баш коргоо чарасы кабыл алынганча,          кылмышка шектүү адам Каракол шаарынын убактылуу кармоочу жайына киргизилди.

Сотко чейинки өндүрүш ишинин алкагында тергөө иштери уланууда.

Эгер ката тапсаңыз, сураныч, катаны белгилеп туруп, Ctrl+Enter баскычын басыңыз!

Бөлүшүү