ИИМ сөөгү Аламүдүн капчыгайында табылган бала өзүнө-өзү кол салган деген версия боюнча үн катты. Мекеменин басма сөз кызматынын жетекчиси бул боюнча «Фейсбуктагы» баракчасында жооп берди.
Эске сала кетсек, колу-буту скотч менен оролуп, бакка асылып турган сөөк 21-ноябрда «Теплые ключи» эс алуу жайынын тегерегинен табылган. Милиция Кылмыш-жаза кодексинин «Киши өлтүрүү» фактысы боюнча кылмыш ишин козгогон. Тактоо иш-чараларынын жүрүшүндө маркум Нарын облусунун 19 жаштагы тургуну экени аныкталган.
Андан кийин милиция маркумдун жакындарына таянуу менен бала суицидге барган деп айтып чыкканы тууралуу маалыматтар тараган.
Бакыт Сейитов социалдык түйүндөрдө тактоону талап кылган комментарийлер жазылып жатканын белгиледи.
«Азырынча бул факты боюнча тигиндей же мындай деп айтуунун өзү эрте, жакында так жана туура маалымат берилет. Милиция айтып жатат деп эле жаза бербегиле. Эгер милиция айтса фактылар менен айтат. Анда кайсы милиция айтканын ачык жазгыла. Эч ким андай маалымат берген жок. Биз ыйгарым түрдө маалымат берели, азырынча бир топ деталдарды тактоо керек, ар бир кадам, ар бир жагдай аныкталып бара жатат, анан да экспертизанын жыйынтыгы деген да, болот биз эгер маалымат берсек ынанымдуу беребиз. Ошондуктан сабыр кыла туруңуздар, толук , так жана конкреттүү жагдайларын ачыктап беребиз», — деген ИИМ өкүлү.
Бул кылмыштын бетин ачууну Ички иштер министрлигинин жана Чүй ОИИББдин жетекчилиги жеке көзөмөлүнө алган.