Vesti.kg сайты Жээнбековдун пенсиясын төлөө үчүн мамлекеттик бюджеттен канча акча бөлүнөрүн тактап чыкты.
Басылма бул маалыматты алуу оңой болбогонун, мамлекеттик органдар жоопту создуктуруп атып бергенин белгилешти.
Алгач Социалдык фонд аларда мындай маалымат жок экендигин билдирип, Каржы министрлигине кайрылууну сунуштаган. Ал эми Каржы министрлигинин басма сөз кызматы күттүрүп, анан жооп берген.
«Ушул жылдын аягына чейин Каржы министрлиги экс-президент Сооронбай Жээнбековго 296 миң сом өлчөмүндө пенсия бөлөт. Биз акча гана бөлөбүз, Президенттин жана өкмөттүн иш башкармалыгы анын өлчөмүн белгилейт. Кийинки жылы Жээнбеков кандай пенсия алат деп айта албайбыз», — дешкен министрликтен.
Эскерте кетсек, 15-октябрда экс-президент Сооронбай Жээнбеков кызматтан кеткен. Буга чейин Бишкекте элдик толкундоолор башталып, анын жыйынтыгы Ак үйдү, УКМКнын имаратын жана башкаларды басып алуу менен аяктаган. Көп миңдеген адамдар катышкан митингдин катышуучулары парламенттик шайлоонун жыйынтыгын жокко чыгарууну талап кылышкан.