Дааратканага кеткен боюнча дайынсыз. Баткенде 6 балалуу аял изделүүдө

Автор -

Баткенде 6 балалуу Мактым Кожонова 3 күндөн бери дайынсыз болууда. Бул туурасында ӨКМден билдиришти.

Облустук милициядан аялдын жоголуп кеткенин тастыкташты. Алардын маалыматына караганда, ушул жылдын 18-ноябрь күнү Баткен ШИИБине кыздын никеге эрте тургандыгы боюнча арыз түшкөн. Ошонун негизинде 20-ноябрда Мактым Кожонова жана анын күйөөсү суракка чакырылган.

«Тергөөдө эч кандай укук бузуулар болгон эмес. Аял андан кийин кайра тергөөгө чакырылган эмес. 3 күн өткөндөн кийин дааратканага чыккан боюнча дайынсыз болуп жатат»,- дешти басма сөз кызматынан.

Айрым маалыматтарга караганда, бул үй-бүлөнүн кызы 17 жашында, мектепте окуп жаткан убакта турмушка чыккан.

Эгер ката тапсаңыз, сураныч, катаны белгилеп туруп, Ctrl+Enter баскычын басыңыз!

Бөлүшүү