Экс-аким Куценко үй камагына чыгарылды

Автор -

Бишкек шаарынын Октябрь районунун мурунку акими Константин Куценко үй камагына чыгарылды. Бул тууралуу Бишкектин Биринчи Май райондук сотунан билдиришти.

Маалыматка ылайык, чечимди Биринчи Май райондук соту 25-ноябрда чыгарган. Анда ал 2021-жылдын 11-январына чейин үй камагына чыгарылган.

Мэрдин милдетин аткаруучу Балбак Түлөбаев 2-ноябрда Куценкону Октябрь районуна аким кылып дайындаган. 23-ноябрда Финансы полициясы Константин Куценкону кармап, конфискациялануучу жер участогунун ээсин чыгаруу жана өзгөртүү боюнча мурда аныкталган коррупциялык схемага катыштыгы бар экенин маалымдаган. Балбак Түлөбаев анын бул иштеринен кабары жоктугун айтып, аким кылып дайындаганы үчүн шаардыктардан кечирим сураган. Кечээ, 26-ноябрда, Куценконун ордуна Каракол шаарынын мурунку мэри Данияр Арпачиев Бишкектин Октябрь районунун акими болуп дайындалды.

 

Эгер ката тапсаңыз, сураныч, катаны белгилеп туруп, Ctrl+Enter баскычын басыңыз!

Бөлүшүү