Бажы кызматынын төрагасынын мурдагы орун басары Райым Матраимов Финансы министрлигинин экономикалык мунапыс үчүн ачылган бирдиктүү депозитине 646 миллион сом которду. Бул тууралуу КТРКнын эфиринде Борбордук казынанын жетекчисинин орун басары Мирлан Шабданов билдирди, деп жазат Sputnik Кыргызстан.
Анын сөзүн Финансы министрлигинин маалымат кызматынан дагы тастыкташкан.
«Бирдиктүү депозитке жалпысынан 667 миллион сом келип түштү. Укук коргоо органдары анын 661 миллиону кызматтык, экономикалык кылмыштардан түшкөн каражат экенин маалымдады. Анын ичинен 646 миллион сому Райым Матраимовдон келген», — деди адис.
Эске салсак, Матраимов 20-октябрда бажы тармагындагы коррупция боюнча айыпталып, УКМК кызматкерлери тарабынан кармалган. Комитет ал учурдун сүрөттөрүн да жарыялаган болчу.
Кийинчерээк Матраимов мамлекетке келтирилген эки миллиард сомдук зыянды ноябрдын соңуна чейин толтуруп берүүгө даяр экенин билдирип, 80 миллион сом которгону маалымдалган.
20-октябрда Биринчи май райондук соту анын баш коргоо чарасын карап, андан сыртка чыкпоо тууралуу тил кат алган.