«Риом» базарындагы «Унаа» бөлүмүнүн иштөө графиги өзгөрдү

Автор -

«Унаа» мамлекеттик мекемесинин «Риом» унаа базарында жайгашкан бөлүмүндө 1-декабрдан тарта жаңы иш графиги түзүлөт. Бул тууралуу Мамлекеттик каттоо кызматы кабарлады.

Ага ылайык, аталган бөлүм декабрдын башынан тарта дүйшөмбү, шейшемби, шаршемби, ишемби, жекшемби күндөрү иштейт. Ал эми бейшемби жана жума күндөрү дем алыш болуп эсептелип, бөлүм жабык болот.

«Жумуш убактысы ошол бойдон калат. Тагыраагы, саат 8:30дан 17:30га чейин иштейт. Ал эми 12:00дөн 13:00гө чейин тыныгуу», — деп айтылат маалыматта.

Мамлекеттик мекеменин борбордук аппараты менен жергиликтүү каттоо бөлүмдөрүнүн иш тартиби өзгөрүүсүз калтырылган.

Бөлүшүү