2-декабрда түнкүсүн Ош, Жалал-Абад, Нарын облустарынын кээ бир райондорунда, Баткен, Ысык-Көл облустарынын тоолуу райондорунда кар жаайт, калган аймактарда жаан-чачын жаабайт. Күндүз Жалал-Абад облусунун кээ бир райондорунда, Баткен облусунун тоолуу райондорунда кар жаайт, калган аймактарда жаан-чачын жаабайт. Жолдор тоңголок, тайгак болот. Батыш тараптан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге жетет.
Абанын температурасы:
Чүй өрөөнүндө түнкүсүн -5…-10, күндүз -1…+4;
Талас жергесинде түнкүсүн -6…-11, күндүз 0…-5;
Баткен, Ош, Жалал-Абад дубандарында түнкүсүн 0…-5, күндүз 4…9;
Ысык-Көл облусунда түнкүсүн -3…-8, күндүз 0…5;
Нарын облусунда түнкүсүн -10…-15, күндүз 0…5;
Бийик тоолуу аймактарда түнкүсүн -20…-25, күндүз -7…-12 градус болот.
Бишкекте жаан-чачын жаабайт. Абанын температурасы түнкүсүн -8…-10 күндүз 0…-2 градус болот.