Кара-Балта шаарынын мэри шайланды

Автор -

Кара-Балта шаардык кеңешинин депутаттары 30-ноябрда шаар мэрин шайлашты. Бул кызматка 37 жаштагы Данияр Шакирбаев келди.

Борбордук шайлоо комиссиясынын маалыматына караганда, мэрлик кызматка 3 талапкер ат салышкан:

  1. Бакыт Раманкулов (КСДП).
  2. Таалайбек Сүйүмбаев («Элеман»).
  3. Данияр Шакирбаев («Мекеним Кыргызстан»).

Добуш берүүгө Кара-Балта шаардык кеңешинин бардык депутаты катышкан. Данияр Шакирбаев 31 добуштун 18ине ээ болгон. Буга чейин ал аталган шаардык кеңештин депутаты болчу. 

Бөлүшүү