Алайда 53 жаштагы адам өз өмүрүнө кол салды

Автор -

Ош облусунун Алай районунда 53 жаштагы тургун өз үйүндө асынып алды. Бул тууралуу облустук милициядан билдиришти.

Маалыматка ылайык, маркум өз үйүндө асынган. Аны алгач жубайы көргөн.

«Асынган жарандын үй-бүлө мүчөлөрүнүн эч кимге доосу жок. Алар жансыз денени соттук-медициналык экспертизага берүүдөн баш тартышкан. Бул факты Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталган», — деп билдирет басма сөз кызматынан.

Эгер ката тапсаңыз, сураныч, катаны белгилеп туруп, Ctrl+Enter баскычын басыңыз!

Бөлүшүү