Бишкекте дагы 40 кесилишке «Коопсуз шаардын» камералары коюлат

Автор -

Бишкекте дагы кырктай жол кесилишине «Коопсуз шаардын» камераларын коюу пландалууда. Бул тууралуу мэриянын маалымат кызматы кабарлады.

Ага ылайык, азыркы учурда тийиштүү адистер камера орнотула турган кесилиштерди карап, изилдөөдө. Аппараттар кайсы кесилиштерде пайда болору маалыматта айтылган эмес.

Белгилей кетсек, «Коопсуз шаар» долбоорунун экинчи этабын ишке ашыруу үчүн тендерди Shenzhen Sunwin Intelligent Co.Ltd компаниясы утуп алган. Мында өлкөнүн бардык аймактарына камералар коюлат. Жалпы 306 жерге атайын жабдуу орнотулары, анын 266сы стационардык, 40ы көчмө камера боло турганы кошумчаланды.

Эгер ката тапсаңыз, сураныч, катаны белгилеп туруп, Ctrl+Enter баскычын басыңыз!

Бөлүшүү