Кой-Таш окуясы боюнча соттук отурум 9-декабрга жылдырылды

Автор -
@april.kg

Бүгүн, 2-декабрда Бишкектин Биринчи май райондук сотунда Кой-Таш окуясы боюнча Атамбаевдин иши каралмак. Сот залына Фарид Ниязов менен Канат Сагынбаев гана алып келинди. Ал эми Алмазбек Атамбаевдин сот отурумун бир жумага жылдырууну өтүнгөн арызы судьяга берилди.

Судья Азирет Медеров арызды алып, соттук отурумду 9-декабрга саат 14:00гө жылдырды.

Эске сала кетсек, мурдараак судья 3 кылмыш ишин бир өндүрүшкө бириктирип, Кой-Таш окуясы боюнча соттук отурумдарды ачык өткөрүү чечимин кабыл алган.