ЖК депутаттарын шайлоонун жылдырылышы мыйзамдуу деп табылды

Автор -

Жогорку соттун Конституциялык палатасы Жогорку Кеңештин депутаттарын кайра шайлоо белгисиз мөөнөткө токтотулганы жөнүндөгү мыйзам Конституцияга каршы келбейт деп эсептейт. Мындай чечим Конституциялык палатанын бүгүнкү, 2-декабрдагы отурумунда кабыл алынды. Чечимди палатанын төрагасы Карыбек Дүйшеев угузду:

«Кыргыз Республикасынын президентин жана Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоо жөнүндө» конституциялык мыйзамдын айрым ченемдерин колдонууну токтото туруу жөнүндө» конституциялык мыйзам Конституциянын 2, 3, 5, 16, 20, 52, 70, 71 жана 80-беренелерине каршы келбейт деп таанылсын. Чечим акыркы жана даттанууга жатпайт».

Парламенттик кайра шайлоону убактылуу токтоткон мыйзамдын Баш мыйзамга шайкештигин аныктоо тууралуу арыз менен Конституциялык палатага «Реформа» саясий партиясы жана активисттер Нурбек Касымбеков, Таалайбек Усубалиев кайрылышкан. Алар парламенттик кайра шайлоо күнүн белгисиз мөөнөткө калтырган мыйзам Конституциянын бир нече нормасына каршы келерин айтышкан.

Кыргызстанда кезектеги парламенттик шайлоо быйыл 4-октябрда өткөн. Анын баштапкы жыйынтыгына нааразы он чакты саясий партия Бишкекте митинг уюштуруп, акция башаламандык менен бүткөн жана өлкөдө бийлик күтүүсүз алмашкан.

Борбордук шайлоо комиссиясы шайлоонун жыйынтыгын жокко чыгарып, кайра шайлоону 20-декабрга белгилеген. Бирок кийин Жогорку Кеңеш президентти жана парламентти шайлоо жараяндарын жөнгө салуучу конституциялык мыйзамга өзгөртүү киргизип, шайлоо качан өтөрү белгисиз бойдон калган.

Бөлүшүү