Бишкек шаарында тоноочулукка шектелип 32 жаштагы жаран кармалды. Бул тууралуу Октябрь райондук ички иштер башкы башкармалыгынын басма сөз кызматынан билдиришти.
Билдирүүгө ылайык, 27-ноябрь күнү саат 19:00 чамасында Бишкек шаарындагы 6-кичи райондо белгисиз адам аялга кол салып, сумкасын күч менен тартып алган. Сумканын ичинде 94 миң 600 сом болгон.
Бул факты Кылмыш-жаза кодексинин 201-беренеси (Каракчылык) боюнча реестерге катталып, сотко чейинки өндүрүш башталган. Укук коргоо кызматкерлери 32 жаштагы П.Н аттуу шектүүнү кармашып, убактылуу кармоочу жайга киргизишти.
Октябрь РИИБи кылмышка шектүүдөн жапа чеккен же ал тууралуу маалыматы бар жарандарды төмөнкү телефондорго кайрылууну өтүнөт: 0 (552) 102-474 жана 102.