Кыргызстандын Билим берүү жана илим министрлиги мектеп окуучуларынын каникул убактысын узартуу демилгесин колдобойт. Бул тууралуу мекеменин маалымат кызматы билдирди.
Буга чейин Бишкек шаардык кеңешинин депутаты Валентина Лисниченко 14-декабрдан тарта Бишкектин окуучуларын дээрлик бир айлык каникулга таратуу демилгесин көтөргөн. Аны балдардын жана ата-энелердин онлайн окуудан чарчаганы менен түшүндүргөн.
Министрлик билим берүү процесси базалык окуу планына ылайык программа боюнча аралыктан окутуу форматында жүргүзүлөрүн, ал үчүн атайын сааттар бөлүнгөнүн белгилейт.
«Бул окуу сааттары окутуу процессинен алынбашы керек. Буга байланыштуу Билим берүү жана илим министрлиги мындай демилгени колдобойт», — деп айтылат маалыматта.
Бишкек шаарынын Билим берүү башкармалыгынын башчысы Эльмира Иманалиева да окуучулар каникулга эрте таратылбай турганын билдирип, окуучулар буга чейин кабыл алынган график боюнча билим алышарын белгиледи.