Сутка ичинде коронавирустан Бишкекте 3, Ошто 1 жаран каза болду

Автор -

COVID-19 илдетинен сутка ичинде 4 адам каза болду. Бул туурасында Республикалык штабдан билдиришти.

Маалыматка караганда, алардын үчөө Бишкек шаарында, бирөө Ош облусунда дарыланып жаткан.

Март айынан бери Кыргызстанда бул илдетти жуктургандардын саны 73 миң 933 адамга жетти. Алардын ичинен 65 589 адам айыгып чыкты. 1281 адам каза тапты.

Эгер ката тапсаңыз, сураныч, катаны белгилеп туруп, Ctrl+Enter баскычын басыңыз!

Бөлүшүү