Жалал-Абад шаарына жаңы мэр дайындалды

Автор -

Жалал-Абад шаарынын мэри болуп Эрнисбек Ормоков дайындалды. Бул тууралуу шаардык мэриядан билдиришти.

«Бүгүн, 3-декабрда өткөн шаардык кеңештин сессиясына 31 депутаттын 28и катышты. Бардыгы бир добуштан Эрнисбек Ормоковдун талапкерлигин колдоду», — деп жазылат маалыматта.

39 жаштагы Эрнисбек Ормоков буга чейин шаардык кеңештин үч чакырылышынын депутаты, бир жолку төрагасы болгон.

Эскерте кетсек, шаар башчылыгына эки адам талапкерлигин койгон. Дагы бир талапкер Эрнист Зияйдинов шайлоо күнүндө катышуудан баш тартып, арызын кайтарып алды.

Эгер ката тапсаңыз, сураныч, катаны белгилеп туруп, Ctrl+Enter баскычын басыңыз!

Бөлүшүү