Бишкекте аялды 100 миң долларга алдап кеткен шылуун кармалды

Автор -

Бишкекте жарандын ишенимине кирүү менен 100 миң долларын алып из жашырган киши кармалды. Бул тууралуу шаардык милициядан кабарлашты.

Маалыматка караганда, үстүбүздөгү жылдын 1-декабрында Октябрь райондук милициясына З.Е. аттуу аял арыз менен кайрылган. Ал март айында О.Т. аттуу жаран борбор калаадагы Каралаев көчөсүндө жайгашкан көп кабаттуу үйдөгү батирлердин бирин сатам деп, ошол эле жерден андан 100 миң 150 долларын алып калганын айткан. Кийин шектүү убадасын аткарбастан из жашырып кеткен.

Факты Кылмыш жана жоруктардын бирдиктүү реестрине Кылмыш-жаза кодексинин 204-беренеси (Алдамчылык) боюнча каттоого алынган.

«Ыкчам издөө иш-аракеттеринин негизинде 33 жаштагы О.Т. аттуу шектүү кармалды. Ал Жукеев-Пудовкин көчөсүндөгү ижарага алынган батиринде жашап жүргөн. Шектүү Бишкек шаардык милициясынын убактылуу кармоочу жайына киргизилди», — деп айтылат маалыматта.

Учурда анын башка дагы ушундай кылмыштарга тийиштиги бар-жогу текшерилип жатат.

Бөлүшүү