Президенттикке талапкерлердин кол тамга тапшыруу мөөнөтү аяктады. Борбордук шайлоо комиссиясынын маалыматына караганда, 3-декабрь түнкү саат 23:59га карата 21 талапкерден 30 миңден ашык кол тамга түштү.
БШКнын жумушчу тобу берилген кол тамгалардын аныктыгын 8 календарлык күндө текшерет.
Президенттик шайлоону өткөрүү боюнча календардык планга ылайык, 6-декабрга чейин талапкерлер өмүр баянын камтыган анкета тапшырат.
14-декабрда БШК катышууга укук алган талапкерлердин акыркы тизмесин жарыялайт.
15-декабрдан 8-январь, саат 00:00гө чейин талапкерлердин үгүт иштери жүргүзүлөт.
10-январда — президентти мөөнөтүнөн мурда шайлоо күнү.
Талапкерлер:
- Клара Сооронкулова – 33 458;
- Аймен Касенов — 46 270;
- Бабыржан Тольбаев — 59029;
- Адахан Мадумаров — 39 856 ;
- Садыр Жапаров — 59 998;
- Равшан Жээнбеков — 39 874 ;
- Рашид Тагаев – 40 651;
- Элдар Абакиров – 43 630;
- Жеңишбек Байгуттиев – 51 896;
- Арстанбек Абдылдаев – 47 998;
- Курсан Асанов – 43 864;
- Бактыбек Калмаматов – 35 300;
- Мыктыбек Арстанбек – 33083;
- Абдил Сегизбаев – 55 480;
- Улукбек Кочкоров – 43 804;
- Кубан Чороев – 39 053;
- Кубанычбек Токтосунов – 30 106;
- Канат Исаев – 38 987;
- Каныбек Иманалиев – 35 658;
- Имамидин Ташов – 35 493 кол тамга тапшырган.
Ал эми талапкер Саматбек Ибраев чогулткан кол тамга жетишсиз болгондуктан, ал шайлоодон четтетилди.