Президенттик шайлоо: 21 талапкер кол тамга тапшырды

Автор -

Президенттикке талапкерлердин кол тамга тапшыруу мөөнөтү аяктады. Борбордук шайлоо комиссиясынын маалыматына караганда, 3-декабрь түнкү саат 23:59га карата 21 талапкерден 30 миңден ашык кол тамга түштү.

БШКнын жумушчу тобу берилген кол тамгалардын аныктыгын 8 календарлык күндө текшерет.

Президенттик шайлоону өткөрүү боюнча календардык планга ылайык, 6-декабрга чейин талапкерлер өмүр баянын камтыган анкета тапшырат.

14-декабрда БШК катышууга укук алган талапкерлердин акыркы тизмесин жарыялайт.

15-декабрдан 8-январь, саат 00:00гө чейин талапкерлердин үгүт иштери жүргүзүлөт.

10-январда — президентти мөөнөтүнөн мурда шайлоо күнү.

Талапкерлер: 

  • Клара Сооронкулова – 33 458;
  • Аймен Касенов — 46 270;
  • Бабыржан Тольбаев — 59029;
  • Адахан Мадумаров — 39 856 ;
  • Садыр Жапаров — 59 998;
  • Равшан Жээнбеков — 39 874 ;
  • Рашид Тагаев – 40 651;
  • Элдар Абакиров – 43 630;
  • Жеңишбек Байгуттиев – 51 896;
  • Арстанбек Абдылдаев – 47 998;
  • Курсан Асанов – 43 864;
  • Бактыбек Калмаматов – 35 300;
  • Мыктыбек Арстанбек – 33083;
  • Абдил Сегизбаев – 55 480;
  • Улукбек Кочкоров – 43 804;
  • Кубан Чороев – 39 053;
  • Кубанычбек Токтосунов – 30 106;
  • Канат Исаев – 38 987;
  • Каныбек Иманалиев – 35 658;
  • Имамидин Ташов – 35 493 кол тамга тапшырган.

Ал эми талапкер Саматбек Ибраев чогулткан кол тамга жетишсиз болгондуктан, ал шайлоодон четтетилди.

Бөлүшүү