Оюнчук тапанча менен коркутуп, банкты тоноого аракет кылган жаран кармалды

Автор -

Бишкекте банкты тоноого аракет кылган Пакистан жараны кармалды. Бул тууралуу Бишкек ШИИББинин маалымат кызматынан билдирди.

Маалыматка ылайык, окуя 27-ноябрда орун алган.

«27-ноябрь күнү саат 17:20да Бишкектин Бейшеналиева көчөсүндө жайгашкан банктардын бирин тоноо аракети болгондугу тууралуу 102 кызматына маалымат келип түшкөн. Ошол эле күнү банктын өкүлү арыз менен кайрылып, кызматкерлерди тапанча менен коркутуп, банкты тоноого аракет кылган жаранга карата чара колдонууну суранган. Арызда кылмышкер белгисиз тилде сүйлөп, ойлогон ою ишке ашпагандыктан качып кеткени белгиленген.

Факт Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталып, иликтөө иштеринин жүрүшүндө 22 жаштагы М.Р. аттуу Пакистандын жараны кармалды. Шектүүнүн жанынан 2 оюнчук пистолет алынды», — деп айтылат маалыматта.

Белгилүү болгондой, шектүү учурда убактылуу кармоочу жайга киргизилип, башка кылмыш иштерине тиешеси бар же жок экени иликтенүүдө.