Пакистан Кыргызстанга 18 млн долларлык жардам көрсөттү

Автор -

Кыргызcтанга Пакистан Ислам Республикасынын элчилиги тарабынан кезектеги гуманитардык жардам көрсөтүлдү. Бул тууралуу Саламаттыкты сактоо министрлигинен билдиришти.

Маалыматка ылайык, 5-декабрда Пакистан тарабынан тапшырылган жардамды саламаттыкты сактоо министринин орун басары Бакыт Жангазиев кабыл алды.
Коронавирус инфекциясы менен күрөшүү үчүн жалпы суммасы 18 миң доллар, салмагы 1 тонна 200 килограммды түзгөн керектүү дары-дармектерди жана медициналык коргонуучу каражаттар берилди.

«Бул биздин биринчи жардамыбыз эмес. Бүгүнкү гуманитардык жардам акыркысы эмес. Алдыда дагы жардам көрсөтө бермекчибиз», — деп билдирди Пакистандын элчиси Эрик Бейшембиев.

Бөлүшүү