Россияда 59 жаштагы кыргыз жараны жол кырсыгынан каза тапты

Автор -

Орусиянын Свердлов облусунда болгон жол кырсыкта Кыргызстандын 59 жаштагы жараны каза тапты. Бул тууралуу Орусиянын басма сөз каражаттары жергиликтүү укук коргоо органдарына шилтеме берүү менен жазышты.

Кырсык 5-декабрь күнү Екатеринбург — Пермь жолунда болгон.

Алдын ала маалыматка караганда, Кыргызстандын 59 жаштагы жараны Hyundai Accent унаасын башкарып бара жатканда карама-каршы тилкеге чыгып кеткен. Анын кесепетинен «Мерседес» унаасы менен кагылышкан.

«Хюндайдын» айдоочусу окуя болгон жерден каза болуп, унаадагы 28 жаштагы жүргүнчү ооруканага жеткирилген.

Бөлүшүү