Сутка ичинде коронавирустан 2 адам каза тапты

Автор -

COVID-19 илдетинен сутка ичинде 2 киши каза тапты. Бул тууралуу Республикалык штабдан билдиришти.

Маалыматка караганда, Бишкектен бир, Чүй облусунан бир адам каза тапкан.

Март айынан бери Кыргызстанда бул илдетти 75 395 адам жуктурду. Алардын ичинен 67 400 киши айыгып чыкты. 1297 бейтап оорудан айыга албай, каза тапты. Учурда 2520 бейтап ооруканада, 3355 бейтап үйүндө дарыланууда.