COVID-19 соңку суткада 4 адамдын өмүрүн алды

Автор -

COVID-19 илдетинен соңку суткада 4 киши каза тапты. Бул тууралуу Республикалык штабдан билдиришти.

Маалыматка караганда, каза тапкандардын үчөө Бишкек шаарында, бирөө Ош облусунда дарыланып жаткан.

Март айынан бери Кыргызстанда бул ооруну жалпы 75 миң 690 адам жуктуруп алды. Алардын ичинен 67 873 адам айыгып чыкты. 1301 адам каза тапты.