Байтик айылындагы мектеп-интернатта балдар жапырт ууланды

Автор -
230

Чүй облусунун Байтик айылындагы мектеп-интернаттардын биринде балдар жапырт ууланды. Бул тууралуу өздүк булактарына таянып, Kaktus.media жазды.

Алдын ала алынган маалыматка караганда, 8 жаштан 20 жашка чейинки курактагы 23 бала жабыркаган. Алар Бишкектеги 3-балдар ооруканасына алынып келингени айтылат. Баары тең керектүү медициналык жардам алышып, учурда абалдары канааттандырарлык.

Эпидемилогиялык иликтөө жүрүп жатат.