Президенттик шайлоо: Садыр Жапаровдун фондуна эң көп акча түштү

Автор -

Борбордук шайлоо комиссиясынын (БШК) көзөмөлдөө-текшерүү тобу президенттикке ат салышууну каалаган 20 кишинин шайлоо фондуларына түшкөн каражаттары жана алардын  сарпталышы тууралуу маалымат берди.

Маалыматка караганда, эң көп акча Садыр Жапаровдун шайлоо фондуна түшкөн — 15 миллион сом. Бул каражат шайлоо фонддорундагы 44,7 миллион сомдук жалпы эсептин 33.5% түзөт.

Андан кийин жеке ишкер Бабур Төлбаев турат, анын шайлоо фондуна 5,2 млн. сом которулган. Калган 18 кишинин шайлоо фонддоруна 1,1 миллион сомдон 2,5 миллион сомго чейин акча түшкөн.

Шайлоо фонддорундагы жалпы эсеби 44,7 миллион сомдук каражаттын 26.3 млн. сому сарпталган.

Бул — 4-декабрга карата маалымат. Шайлоо фонддоруна түшкөн акча жана анын чыгымдалышы боюнча бул аптада БШК маалымат бере элек. Андан бери президенттик шайлоого катышарын билдирген жарандардын он тогузу калды. Башында бул кызмат орун үчүн ат салышарын 65 киши расмий билдирген. Алардын айрымдары шайлоого катышуудан баш тартты, бир тобун БШК жарыштан четтетти.

Кыргызстанда мөөнөтүнөн мурдагы президенттик шайлоо 2021-жылдын 10-январына белгиленген.

Алар негизинен белгиленген шайлоо күрөөсүн төккөндөр жана кеминде 30 миң кишинин кол тамгасын чогултуп, тапшыргандар.

БШК президенттикке талапкерлерди 14-декабрга чейин каттоого тийиш. Үгүт өнөктүгү 15-декабрда башталып, 9-январда аяктайт.