Бишкектик тургун терезеден секирип өз жанын кыюуга аракет кылган (видео)

Автор -

Интернетке Бишкек шаарынын тургуну өз жанын кыюуга аракет кылган видеосу тарады. Тасмада ал 8-кабаттагы терезенин кырында турганы, кошуна үйдүн балконунан бир адам аны менен сүйлөшүү жүргүзүп жатканы көрүнөт.

Буга чейин ӨКМден 33 жаштагы бишкектик тургун өз өмүрүнө кол салууга аракет кылганы тууралуу маалымдашкан. Окуя кечээ, 9-декабрда, саат 09:40та Логвиненко көчөсүндө жайгашкан №55 көп кабаттуу турак үйдүн 257-батиринде болгон. 33 жаштагы жаран өз өмүрүн кыюуга аракет жасап, кийин сүйлөшүүлөрдүн натыйжасында куткаруучуларга өзү эшигин ачкан.  

Бөлүшүү