Москвада 29 жаштагы кыргызстандык келин метродо төрөдү

Автор -

Москвада 29 жаштагы кыргызстандык келин метродо төрөдү. Окуянын тасмасы  россиялык Telegram-каналдардын бирине жарыяланды.

Төрөттү «Электрозаводская» метросундагы полиция кызматкерлери кабыл алышкан.

 

 

 

 

 

 

«Полиция кызматкерлери эскалатордо бараткан кош бойлуу аялдын ошол эле жерге отурганы жатканын байкашкан. Көрсө, анын толгоосу башталыптыр. Полиция кызматкерлери тез жардамды чакырып, бирок алар келгиче, төрөт башталып калат. Ага сержант Алеся Полякова төрөттү кабыл алып, баланы термоодеялого ороп коюшкан. Келген медиктер полиция кызматкерлери баарын туура жасашканын белгилешти. Эне-бала аман-эсен», — деп жазылат тасманын астында.

Жаңы төрөгөн аял 29 жаштагы Үпөл Курманова аттуу кыргыз жараны экени айтылат.

российского telegram-канала
Бөлүшүү