Мэрия: Бишкекте дагы 9 мектеп жана бала бакча оңдолот

Автор -

Бишкекте дагы 9 мектеп жана бала бакча оңдолот. Бул туурасында мэриянын басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматта жакын арада мэриянын Капиталдык курулуш башкармалыгы шаардык парламенттин депутаттарынын жарандык демилгелеринин алкагында борбордогу мектептерде жана бала бакчаларда оңдоо иштерине сынактык тендер өткөрөрү айтылат.

«9 жалпы билим берүү уюмдарын оңдоо пландаштырылууда. №7, №47, №8 мектептеринде жана №72, №185 бала бакчаларда терезе блоктору, №13 мектепте терезе жана эшик блоктору алмаштырылат. №53 бала бакчанын чатыры, №26 бала бакчанын жыгач полу оңдолот», — дешет мекемеден.

Жарандык демилгелер боюнча пландалган сынактардын жалпы суммасы 8 миллион 719 миң 890 сомду түзөт.

Тендер бүгүн мамлекеттик сатып алуулар порталында жарыяланат.