УКМК: Финполдун мурдагы башчысы Бакир Таиров кармалды

Автор -

Акча каражатын мыйзамсыз алуу фактысы менен Экономикалык кылмыштуулукка каршы күрөшүү боюнча мамлекеттик кызматынын мурдагы башчысы кармалды. Бул тууралуу Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитетинин басма сөз кызматынан билдиришти.

Ага ылайык, УКМКнын коррупцияга каршы кызматы тарабынан ири өлчөмдөгү акча каражатын мыйзамсыз алуу фактысы аныкталганы маалымдалат. 2020-жылдын Жогорку Кенешке депутаттарды шайлоонун алдында Финполдун мурдагы төрагасы Т.Б.Б партиялардын бирине каржылоо керек экендигин айтып, мамлекеттик органдардын биринин жетекчисин ири өлчөмдөгү акча каражатын берүүгө мажбурлаган.

2020-жылдын 10-декабрында шектүү Т.Б.Б кармалып УКМК СИЗОсуна киргизилди.

Учурда сотко чейинки өндүрүш ишинин алкагында тийиштүү иш-чаралар жүргүзүлүп жатканы маалымдалат. Шектүүнүн башка ушул сыяктуу аналогиялык иштерге тийиштиги бар иш-аракеттери иликтенип жатканы кошумчаланат.