Экономикалык кылмыштуулукка каршы күрөшүү боюнча мамлекеттик кызматынын мурдагы башчысы Бакир Таиров 2 айга камакка алынды. Бул тууралуу Бишкектин Биринчи май райондук сотунан билдиришти.
Маалыматка караганда, 11-декабрда аталган райсот шектүү Таировдун бөгөт кою чарасын карап, 2021-жылдын 2-февралына дейре УКМКнын Тергөө абагына камакка алуу чечимин чыгарган.
Эскерте кетсек, УКМКнын Коррупцияга каршы кызматы Фонполдун мурунку жетекчисинин ири өлчөмдөгү акча каражатын мыйзамсыз алуу фактысын аныктаган. Тергөөнүн божомолдунда, 2020-жылкы Жогорку Кеңешке депутаттарды шайлоонун алдында Бакир Таиров партиялардын бирине каржылоо керек экендигин айтып, мамлекеттик органдардын биринин жетекчисин ири өлчөмдөгү акча каражатын берүүгө мажбурлаган.