Финполдун мурунку жетекчиси 2 айга камакка алынды

Автор -

Экономикалык кылмыштуулукка каршы күрөшүү боюнча мамлекеттик кызматынын мурдагы башчысы Бакир Таиров 2 айга камакка алынды. Бул тууралуу Бишкектин Биринчи май райондук сотунан билдиришти.

Маалыматка караганда, 11-декабрда аталган райсот шектүү Таировдун бөгөт кою чарасын карап, 2021-жылдын 2-февралына дейре УКМКнын Тергөө абагына камакка алуу чечимин чыгарган.

Эскерте кетсек, УКМКнын Коррупцияга каршы кызматы Фонполдун мурунку жетекчисинин ири өлчөмдөгү акча каражатын мыйзамсыз алуу фактысын аныктаган.  Тергөөнүн божомолдунда, 2020-жылкы Жогорку Кеңешке депутаттарды шайлоонун алдында Бакир Таиров партиялардын бирине каржылоо керек экендигин айтып, мамлекеттик органдардын биринин жетекчисин ири өлчөмдөгү акча каражатын берүүгө мажбурлаган.

Эгер ката тапсаңыз, сураныч, катаны белгилеп туруп, Ctrl+Enter баскычын басыңыз!

Бөлүшүү