Новопокровкадагы 4 адамдын өмүрүн алган өрттүн келип чыгуу себеби такталды

Автор -

Новопокровка айылындагы 4 адамдын өмүрүн алган өрт чыгуу фактысы боюнча кылмыш иши козголду.  Бул туурасында күч түзүмдөрүнүн кызматкерлерине таянып, Kaktus.media жазды.

Маалыматка караганда, бул факт бирдиктүү реестрге «Этиятсыздыктан өлүмгө алып келүү» беренеси менен катталган. Шектүү катары кашардын 21 жаштагы Т.А. аттуу жумушчусу кармалып, убактылуу кармоочу жайга киргизилген.

ӨКМ тараткан маалыматка караганда, 13-декабрь күнү кашардын жумушчусу, 1999-жылы туулган Т.А. (эркек киши) от жагуу максатында бөлмөгө кирип, бир литрлик желим бөтөлкөдөгү бензинди мештин ичине чачкан. Өрт желим бөтөлкөгө жабышып, андан анын кийимине өткөн. Күйүп жаткан желим бөтөлкө бөлмөгө түшүп, бөлмөнү өрт каптаган. Т.А. өзү бөлмөдөн чуркап чыккан. Аял жана коңшу бөлмөдө ойноп жаткан 3 наристе чыгууга үлгүрбөй калган.

«Кашардын узундугу 36 метр, туурасы 16 метрди түзөт. Дубалы самандан, бөлмөлөрдүн дубалы, (финский) полу жана шыбы жыгачтан, жылуулук системасы мештен, чатыры шиферден, устун жыгачтан курулган. Өрттүн кесепетинен кашардын 320 чарчы метр аянты күйгөн (кашардын чатыры, эки бөлмөсү жана кире бериши), 1080 чарчы метр аянт куткаруучулар тарабынан сакталып калган», дешти ӨКМден.

Өрт тууралуу билдирүү саат 14:36да түшкөн. Куткаруучулар саат 14:51де жетип, саат 15:14тө өрт чектөөгө алынган. Саат 20:47де өрт толугу менен өчүрүлгөн.