Сутка ичинде 258 жаран коронавирустан айыкты

Автор -

Бир сутка ичинде COVID-19 илдетин 318 адам жуктуруп алса, 258 жаран бул ооруну жеңип, ооруканадан сакайып чыкты. Бул тууралуу Республикалык штабдан билдиришти.

Айыккандар:
— Бишкек – 96
— Ош шаары – 29
— Чүй облусу – 56
— Ош облусу – 24
Талас облусу – 3
— Нарын облусу – 4
— Ысык-Көл облусу – 13
— Жалал-Абад облусу – 18
— Баткен облусу – 15.

Ал эми учурда стационарда 2087 бейтап дарыланууда, алардын ичинен:
— 21 адам (1%) — канааттандыраарлык абалда;
— 1422 (68,1%) — орто оордукта;
— 553 (26,4%) — оор абалда;
— 91 (4,3%) — өтө оор абалда.

Амбулатордук дарыланууда 2951 бейтап бар.

Март айынан бери коронавирус жана пневмониядан жалпы 77 миң 674 адам жабыркады. Алардын ичинен 70 450 адам айыгып чыкты. 1312 адам каза тапты.

Бөлүшүү