Түтүктүн алдынан сөөгү табылган аялдын өздүгү аныкталды

Автор -

Ошто белгисиз аялдын жансыз денеси табылып, анын денеси таанылгыс болуп карарып кеткени маалымдалган. Бүгүн, 14-декабрда Ош ШИИБинин басма сөз кызматынан маркумдун аты-жөнү такталганын билдиришти.

Белгилүү болгондой, каза болгон аял бир жыл мурда үйүнөн чыгып кеткен.

«Ош шаарындагы жылуулук өткөрүүчү түтүктүн жанынан жансыз денеси табылган аял 1970-жылы туулган Ош облусунун Ноокат районунун тургуну Б.У. болгон. Үй-бүлөсү жок. Бир жыл мурда үйүнөн чыгып кетип, ошол боюнча дайынсыз болуп жүргөн.  Маркумдун сөөгүн жакындары алып кетишти», — дешти мекемеден.

Эске салсак, 11-декабрда Ош шаарындагы Масалиев көчөсүндөгү жылуулук өткөрүүчү түтүктүн жанынан эркек кишинин жансыз денеси табылганын ӨКМнын басма сөз кызматынан кабарлашкан. Кийинчерээк, маркум аял киши экенин, ал таанылгыс болуп калганын Ош ШИИБинин маалымат катчысы билдирген.