Ошто жол кырсыгынан 36 жаштагы жаран каза тапты

Автор -

Ош облусунун Кара-Суу районунда адам өмүрүн алган жол кырсыгы катталды. ӨКМдин маалыматына ылайык, автокырсык 14-декабрь күнү саат 07:50 чамасында Бишкек-Ош унаа жолунун 647-чакырымында (Кара-Дөбө айылы) орун алган.

«Хюндай Аванте» үлгүсүндөгү унаанын айдоочусу рулду башкара албай бетон тосмону сүзүп алган. Кырсыктын кесепетинен 36 жаштагы эркек адам каза болуп, 40 жана 35 жаштагы 2 эркек адам жабыркаган.

Куткаруучулар жеткенге чейин жабыркаган жана каза болгон жарандарды милиция кызматкерлери Ош облустук ооруканасына жеткиришкен», — дешти мекемеден.

Бөлүшүү