16-декабрь. Коронавирус дагы 241 адамдан аныкталды

Автор -

Бир сутка ичинде COVID-19 илдетинин 241 жаңы учуру катталып, бир адам каза тапты. Бул тууралуу Республикалык штабдан билдиришти.

Маалыматка караганда, оорудан Ош облусунда дарыланып жаткан бир бейтап көз жумган.

Жаңы учурлар:

  • Бишкек — 73
  • Ош — 13
  • Чүй облусу – 55
  • Ош облусу — 22
  • Талас облусу — 6
  • Нарын облусу — 3
  • Ысык-Көл облусу – 38
  • Жалал-Абад облусу – 19
  • Баткен облусу — 12

Март айынан бери Кыргызстанда бул ооруну жалпы 78 миң 151 киши жуктуруп алды. 71 270 адам айыгып чыкты. 1317 киши каза тапты.