Бишкекте белгисиз адамдын жансыз денеси табылды. Милиция өздүгүн аныктоого жардам сурайт (фото)

Автор -

24-ноябрда Бишкек шаарындагы Дэн Сяопин жана Кайназаров көчөлөрүнүн кесилишинен белгисиз адамдын жансыз денеси табылган. Бишкек шаарындагы Ленин райондук ички иштер башкармалыгы табылган адамдын өздүгүн аныктоого жардам сурайт.

Маалыматка ылайык, 24-ноябрда саат 09:19 чамасында Бишкек шаарынын Дэн Сяопин-Кайназаров көчөлөрүнүн кесилишинен болжол менен 35-40 жаштар чамасындагы азиат түспөлүндөгү адамдын сөөгү табылган. Белгилери: бою 165-170 сантиметр, дене түзүлүшү орто, кара чачтуу, кашы түз.

Сүрөттөгү адам жөнүндө маалыматы бар адамдар төмөнкү телефон номерлери аркылуу кабарласа болот: 0 (312) 352-605, 0 (551) 102-129, 0 (553) 102-465, 0 (551) 102-326 жана 102.

Абайлаңыз, сүрөт!

[свернуть]