Өкмөт Аппаратынын жетекчисинин биринчи орун басары рангындагы коргоо, укуктук
тартип жана өзгөчө кырдаалдар бөлүм башчысы «А.А.М.» кармалды. Бул туурасында УКМКдан билдиришти.
Маалыматта УКМКнын Коррупцияга каршы күрөшүү кызматы жана Аскер прокуратурасынын мекемелер аралык ыкчам тергөө тобу айрым мамлекеттик органдардын жана Өкмөттүн Аппаратынын кызмат адамдары тарабынан радиожыштыктарды сатып алуу-сатуу боюнча келишим түзүүдө жана аларды пайдаланууга лицензияны кайра берүүдөгү коррупциялык фактылар боюнча сотко чейинки өндүрүш жүргүзүп жатканы айтылат.
2020-жылдын 15-декабрында аталган иштин алкагында, Кыргыз Республикасынын Жазык-процесстик кодексинин 98-беренесинин негизинде, КР Өкмөтүнүн Аппаратынын жетекчисинин биринчи орун басары рангындагы коргоо, укуктук тартип жана өзгөчө кырдаалдар бөлүм башчысы «А.А.М.» кармалып, УКМКнын убактылуу кармоочу жайына киргизилди.